Франциянын Авиньон шаарында орун алган Avignon Off 2026 эл аралык театр фестивалынын алкагында Кыргызстандын маданиятына арналган атайын тегерек стол уюштурулду. Ага театр таануучулар, маданият тармагынын адистери, фестивалдын уюштуруучулары жана эл аралык эксперттер катышты. Жыйындын жүрүшүндө кыргыз театр өнөрүнүн тарыхы, азыркы абалы жана андан ары өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Эл аралык кызматташтык

Жыйында кыргыз театрын эл аралык аренада жайылтуу, чыгармачылык кызматташууну кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана жаш театр ишмерлерин колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, Avignon Off фестивалынын дирекциясынын вице-президенти Арольд Давид менен жолугушуу өткөрүлдү. Тараптар Кыргызстандын кийинки жылы эки-үч театр спектакли менен фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгүн жана эки тараптуу кызматташууну андан ары кеңейтүү келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында маданий байланыштарды чыңдоо, кыргыз театр өнөрүн эл аралык аренада жайылтуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болгон өз ара кызыкчылык ырасталды.