Ленинское айылындагы маданият жана спорт үйүн реконструкциялоо процесси уланууда. Бул имарат 1976-жылы салынган жана анын ичинде чоң спорттук зал менен концерттик зал (кинотеатр) бар. Жаңартуу иштери имараттын чоң аянты жана каражаттын жетишсиздигине байланыштуу бир нече этап менен жүргүзүлүүдө.

Достук айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, ушул жылдын жай айында имараттын чатыры толугу менен алмаштырылды. Азыркы тапта имараттын кире беришине алып баруучу аллеяга брусчатка төшөп, жарыктандыруу системасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле терезелердин айрымдары алмаштырылып, кире бериш бөлүгү жаңыланды.

Келечекте жылытуу системасын жаңылоо жана китепкананы оңдоо пландалууда.

  1. 1976-жыл

    Маданият жана спорт үйү курулган

  2. 02.09.1994

    СК «ВЕТКА» ишканасынын каттоосу

  3. 01.04.2015

    Ишкананын кайра каттоодон өткөн күнү

  4. 2025-жыл

    Имаратды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп, оңдоо иштерин баштоо

СК «ВЕТКА» — бул айыл чарбалык коммерциялык кооперативи, ал өсүмдүк жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Ишкананын 8 негиздөөчүсү бар.