Жарандык активист Азамат Баяманов Бишкек шаарында кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди. Бул чечим массалык башаламандык уюштурууга шектелүүгө байланыштуу кабыл алынган.
Активистке карата бөгөт коюу чарасын борбор калаанын Биринчи Май райондук соту аныктады. Соттун чечими менен ал тергөө абагында калат.






