Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдиль Байсалов менен Кытай Эл Республикасынын элчиси Се Фэн август айында Вашингтондо расмий жолугушуусун өткөрүштү.
Жолугушууда тараптар эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн кеңири кызматташтык байланыштарын жана региондогу актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Дипломаттар Бишкек менен Пекиндин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин белгилешти.
Ошондой эле жолугушууда Борбор Азиядагы инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорду, анын ичинде «Бир алкак, бир жол» демилгесин жана Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү маселелери талкууланды.









