Бул тууралуу институттун өкүлү Максат Ахмеджанов Sputnik пресс-борборунда билдирди. Анын айтымында, кызматташтык жапайы жаныбарлар аркылуу таралышы мүмкүн болгон чек ара инфекцияларына каршы күрөшүүдө өзгөчө мааниге ээ.
Жапайы жаныбарлардын миграциясын көзөмөлдөө кыйын болгондуктан, коңшу өлкөлөрдө таралган оорулар тууралуу маалымат алмашуу маанилүү. Меморандум тажрыйба алмашууну да карайт: кыргызстандык студенттер жана жаш окутуучулар Орусиянын илимий борборлорунда практикадан өтүп, изилдөөлөргө катыша алышат. Өз кезегинде Башкырстандан адистер Кыргызстанга келишет.
Мындан тышкары, Дуйшеев атындагы институт Кыргыз улуттук агрардык университети менен бирге Москва ветеринардык академиясы, Тимирязев академиясы, ошондой эле Кострома жана Новосибирск жогорку окуу жайлары менен кызматташып келет. Учурда башка Орусия университеттери менен өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.










