Иранда АКШнын өлтүрүлгөн же туткунга алынган аскерлери үчүн 5 миллиард туман өлчөмүндө сыйлык дайындалды.
Бул тууралуу Иран армиясынын башкы командири Амир Хатами билдирди. Ал ар бир жоокер үчүн 30 миң доллар бериле турганын айтты.
Андан тышкары, аялдар бул иште ийгиликке жетишсе, алар эки эсе көп сыйлык алышат.
Иран армиясы америкалык аскерлерди өлтүрүү үчүн колдонулган куралдарды көргөзмөгө коюу максатында музей ачууну пландап жатат.
Мындан тышкары, эски куралдарды жаранына эки эсе жогору баада сатып алып, жаңы куралдар менен алмаштыргандыгы айтылууда.
Бул төлөмдөр элдин катышуусу жана каржылык колдоосу менен жасалат.
Амир Хатами Иран армиясынын каршылыктуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгү калыбына келгенин белгиледи.








