Кыргызстанда жер ресурстарын пайдалануу боюнча мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана жерлерди коргоо талаптарын катуулоо сунушталууда. Министрлер Кабинетинин токтомдук долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документ жерлерди коргоо, аларды булгануудан жана деградациядан сактоо, ошондой эле топурактын түшүмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча жаңы эрежелерди бекитүүнү караштырат.

Долбоорго ылайык, жер участокторунун ээлери жана колдонуучулары топурактын абалын начарлатуучу эрозия, тузгануу, суулануу жана башка процесстердин алдын алуу боюнча чараларды көрүшү керек.

Курулуш жана тоо иштетүү иштерине көңүл бурулат

Өзгөчө курулуш, тоо кен иштетүү жана жер жумуштарына көңүл бурулган. Мындай иштерди жүргүзүү учурунда түшүмдүү топурак катмарын алууну, сактоону жана кийинчерээк кайра пайдаланууну камсыз кылуу зарыл. Бул иш-чаралар долбоордук документтерде сөзсүз көрсөтүлүшү керек.

Ошондой эле түшүмдүү катмалды жок кылууга, аны курулуш таштандылары, калдыктар жана түшүмдүү эмес топурак менен аралаштырууга тыюу салуу сунушталып жатат. Түшүмдүү топуракты булгануу, суу басуу же жуулуп кетиүү коркунучу бар жерлерге топтоого болбойт.

Алынган топурак бузулган жерлерди калыбына келтирүү, айыл чарба жерлерин жакшыртуу жана аймактарды жашылдандыруу үчүн колдонууга уруксат берилет. Эгерде түшүмдүү катмар 2 жылдан ашык убакыт сакталса, аны көп жылдык чөптөрдү отургузуу аркылуу бузулуудан коргоо талап кылынат.

Долбоор жерлерге пландалган жана пландан тыш мониторинг жүргүзүүнү да камтыйт. Текшерүүлдер жердин булгануу белгилери аныкталган учурда жүргүзүлө алат.