Селекциялык статус алуу үчүн өтүнүч берген чарбаларды атайын комиссия жергиликтүү жерлерге барып текшерет. Бул чаралар белгиленген талаптардын канчалык деңгээлде сакталып жатканын жана чарбалардын ишинин сапатын баалоо үчүн өткөрүлөт.
Аталган процесс менен бирге республика боюнча учурда селекциялык чарба статусуна ээ болгон ишканалардын ишмердүүлүгүнө да мониторинг жүргүзүлөт. Министрлик мындай кадамдар мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө көмөктөшөт деп белгиледи.
Билдирмени кантип тапшыруу керек?
- Айыл чарба өнүктүрүү боюнча райондук башкармалыктарга кайрылуу
- Интернет аркылуу онлайн форматта өтүнүч берүү









