Бүгүнкү күндө Кыргызстанда асыл тукум макамына 232 чарба ээ. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мал чарба жана ветеринария башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаров радио эфиринде билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, азыр асыл тукум чарбаларды жылына бир жолу текшерүүчү жана макам алууга арыздарды кароочу комиссия түзүү тууралуу буйрук даярдалып жатат.

Макам алуу үчүн талаптар

Асыл тукум макамын алуу үчүн ар бир тармакта өзүнчө талаптар белгиленген. Кой чарбасында бир породадагы 200 баш соолуктун болушу шарт, ал эми арашан породасы үчүн бул көрсөткүч 100 башты түзөт.

Бодо мал чарбасында 30 уй, ал эми жылкы чарбасында 20 бээден жана эки айгырдан турган бир үйүр талап кылынат. Мындан тышкары, чарба юридикалык жактан каттоодон өтүшү, үч жылдык көрсөткүчтөрдү жана ар бир малга асыл тукум документтерин көрсөтүшү керек.

Мамлекеттик жерлер жана милдеттенмелер

Асыл тукум макамын алган чарбалар мамлекеттик фонддун жерлерин аукционсуз жана сынаксыз алуу укугуна ээ. Бирок алар өз кезегинде жылына соолуктардын жалпы санынын 15%ын калкка сатууга милдеттүү.

Бул чаралар мал чарбасын өнүктүрүүгө жана асыл тукум малдын сапатын жогорулатууга багытталган.