Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кол өнөрчүлөрү QOLONER эл аралык конкурсуна катышууда. Бул долбоор Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын чеберлеринин тажрыйбасын бириктирүүгө багытталган.

Конкурстун уюштуруучусу — маданият, гастрономия жана креативдүү индустрия тармагындагы компаниялардын QOLÖNER консорциуму болуп саналат. Алардын ичинде MARWIN жана «Меломан» тармактары, TARY жана Sandyq Group долбоорлору, ошондой эле PANA мейманканалар тармагы бар. Иш-чара Алматынын туризм башкармалыгынын колдоосу менен өтүүдө.

Долбоордун башкы идеясы — салттуу кол өнөрчүлүктү толук кандуу жана пайдалуу бизнеске айландыруу. Катышуучулар өз иштерин, анын ичинде классикалык жана заманбап стилдеги буюмдарын «SHEBER» тиркемесине жүктөй алышат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 12 номинация боюнча 2026-жылдын 20-декабрында Алматы шаарында өтөт. Жалпы сыйлык фонду 3 миллион теңгени түзөт.

Эң мыкты усталар үчүн эң башкы сыйлык — өз продукцияларын массалык керектөөчүлөргө жеткирүү мүмкүнчүлүгү. Жеңүүчүлөргө MARWIN жана «Меломан» дүкөндөрүндө өз эмгектерин сатуу боюнча бир жылдык келишим, ошондой эле Sandyq Group ресторандар тармагында өзүнүн витриналарын түзүү мүмкүнчүлүгү берилет.