Фукуока шаарында өтүп жаткан Kyushu Basho турниринде күтүлбөгөн окуя болду. 15 жаштагы Тэйкэн Синмити өзүнөн үч эсе артык салмактагы 48 жаштагы Тэруносато менен беттешти.
Жаш сумоисттин салмагы болгону 57 килограмм болсо, анын атаандашынын салмагы болжол менен 180 килограммды түзөт. Тэйкэн Синмити өзүнүн шамдагайлыгын көрсөтүп, кармоодон качып, тез арада ветерандын артына өтүп, аны айлананын четине түртүп чыгарып, жеңишке жетти.
Бул жеңиш Тэйкэн Синмити үчүн биринчи эмес. Ал мурунку күнү да ушундай эле ыкма менен 140 килограммдык каршылашын жерге кулаткан. Спортчу сумонун дүйнөдөгү эң жеңил аткечи катары таанылуу.
Тэйкэн Синмити сумонун чөйрөсүнө жаңы келгенде анын салмагы болгону 48 килограмм болгон. Азыркы учурда ал өзүнүн салмагын 100 килограммга жетүү деген максатты койгон.








