Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстанга суу үстүндөгү күн фотоэлектрике станциясын курууга көмөктөшүү максатында 20 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылоо пакетин жактырды. Бул тууралуу банктын өзүнөн билдирилди.

СторисГЭС-5де күн электр станциясы курулатСлайддар: 4
  1. ГЭС-5де күн электр станциясы курулат
  2. 20 млн доллар — долбоорду каржылоо үчүн бөлүнгөн жалпы сумма
  3. Каржылоонун булактары: 19,55 млн доллар — жеңилдетилген кредит; 450 миң доллар — АӨБ гранты; 2,02 млн доллар — КР Өкмөтүнүн каражаты
  4. 4 628 тонна — көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышынын жылына азайышы

АӨБ тарабынан бөлүнгөн каражаттын курамына кадимки капиталдык ресурстардан 19,55 млн доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген кредит жана Азия өнүктүрүү фондунан 450 миң доллар өлчөмүндөгү грант кирет. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү долбоорду ишке ашыруу үчүн 2,02 млн доллар өлчөмүндөгү кошумча каржылоону камсыз кылат.

Долбоор Бишкек шаарына жакын жайгашкан «Чакан ГЭС» ААКтын ГЭС-5 суу сактагычынын базасында 15 мегаватт кубаттуулугуна ээ болгон суу үстүндөгү күн электр станциясын курууну караштырат. Станция иштеп жаткан суу сактагычтын үстүндө жайгашып, учурдагы электр тармактарына туташтырылат. Бул курулуш жылына болжол менен 20 гигаватт-саат электр энергиясын иштеп чыгат. Прогноздорго ылайык, долбоорду ишке ашыруу парник газдарынын бөлүнүп чыгышын жылына болжол менен көмүр кычкыл газынын эквивалентинде 4 628 тоннага азайтууга шарт түзөт.

Пилоттук долбоордун жыйынтыктары

Буга чейин Энергетика министрлиги «Чакан ГЭС» ААК ГЭС-5 аймагында 15 МВт кубаттуулугу бар суу үстүндөгү күн электр станциясын курууну пландап жатканын билдирген. Учурда ГЭС-5дө 2024-жылдын 1-мартынан бери 0,1 МВт кубаттуулугу бар пилоттук суу үстүндөгү күн станциясы иштеп жатат.

Пилоттук станциянын электр энергиясын иштеп чыгуу көрсөткүчтөрү

133,92024-жылы (кВт.ч)
141,12025-жылы (кВт.ч)
132,52026-жылдын 10 айында (кВт.ч)
  • 2024-жыл, 1-март — ГЭС-5дө 0,1 МВт кубаттуулугу бар пилоттук суу үстүндөгү күн станциясы иштеп баштады