Буттун ден соолугуна кам көрүү чоңдордо эмес, балалык чактан башталышы керек. Подолог Элнура Төлөгөн тырмактарды туура кесүү жана ыңгайлуу бут кийим тандоо келечектеги көйгөйлөрдүн алдын алууда чоң роль ойнойт.

Тырмактарды туура кесүү маанилүү

Балдардын тырмактарына эрте жаштан баштап көңүл буруу зарыл. Эгерде тырмактар туура эмес кесилсе, алар теринин ичине кирип кетүү коркунучу бар. Бул көйгөй көбүнчө өспүрүм эркек балдарда кездешет.

Тырмактын каптал тараптан териге карай өсүп кетүү коркунучу бар. Ошондуктан тырмактарды түз кесүү керек. Көбүнчө бул маселе өспүрүм эркек балдарда кездешет. Өзгөчө аскердик кызмат өтөп, катуу бут кийим кийгендерде тырмактын териге кирип, ооруп баштоо учурлары болот.
Элнура Төлөгөн

Аялдар үчүн кооптуу бут кийимдер

Бут кийимди тандап жатканда анын сулуулугуна гана эмес, ыңгайлуулугуна жана буттун түзүлүшүнө шайкештигине көңүл буруу зарыл. Тар учу (узкий носок) жана бийик өкчөлүү «лодочка» түрүндөгү бут кийимдер буттун ден соолугуна терс таасирин тийгизет.