Кыргызстанга сезондук гриппке каршы кошумча 100 миң доза вакцина жеткирилиши күтүлүүдө. Бул жаңы партия калктын, өзгөчө жогорку тобокелдик топторундагы адамдардын иммунитетин көтөрүүгө мүмкүндүк берет деп билдирди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
Ведомствонун маалыматы боюнча, мурда сатып алынган препараттардын эсебинен тобокелдик топторундагы калктын вакцинациялоо иштери аяктады.
Учурда жарандар грипптен коргонуу үчүн 12 жеке медициналык мекемеде акы төлөө аркылуу эмделе алышат. Төмөндө ал мекемелердин тизмеси келтирилген:
- «Кроха»
- «Малыш»
- «ЦАДМИР»
- «Поликлиника-312»
- «Интермедикал»
- «Комфорт Медик»
- «Эдельвейс»
- «Клиника 21»
- «Авиценна»
- «Чипенко»
- «Мама Доктор»
- «Аллерго Эксперт»
Жеке клиникаларда бир доза вакцинанын баасы төмөнкү чектерде болот:
минималдуу баа450 сом1 100 сом +144%





