Бишкек шаарынын Ленин райондук соту журналист Махабат Тажибек кызынын кылмыш ишин кайрадан кароого киришет. Бул иш 25-август күнү өтөт деп белгиленди. Бул тууралуу журналисттин адвокаты Акынбек Ногоев маалымдады.

Буга чейин сотко иштин кароосун токтотуп коюу жана аны толугу менен жабуу боюнча өтүнүчтөр берилген, бирок алар четке кагылган. Ал эми мурда Махабат Тажибек кызы Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аял колониясында кармалган.

  1. 23-март

    Ленин райондук соту иштин жаңы белгилүү болгон жагдайлары боюнча кайра карап, журналистти кетип кетпегендиги тууралуу кол коюу менен бошотуп койгон

  2. 25-август

    Кылмыш ишин кайрадан кароо күнү