Материалдар: 1
Ноокен районунда пахта айдалган аянт акыркы жылдары кыскарып баратат. Мунун себебин райондук айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Эшенкулов эмгек чыгымынын көптүгү жана күйүүчү майдын кымбаттыгы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, дыйкандар пахтанын ордуна тоют өсүмдүктөрүн эгүүгө өтүп жатышат.