Материалдар: 1
«Кырк Чоронун» мурдагы башчысы Замирбек Кочорбаев президент Садыр Жапаровго Талас облусундагы Кайынды айылынын көйгөйлөрүн айтып кайрылды. Ал айылдагы үй-бүлөлөрдүн саны азайып, жумушсуздук жана жол көйгөйү курч экенин белгиледи. Ошондой эле туристтик долбоорго салган каражаты суу коргоо зонасындагы чектөөлөрдөн улам коркунучта экенин билдирди.