Материалдар: 1
Ак-Суу районунун Маман айылынын фермерлери быйылкы валериананын түшүмүн Россияга экспорттоп жатышат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, быйыл түшүм жакшы, ал эми чийки тамырдын баасы бир килограммына 100-110 сомго жетти. Бул өсүмдүктү өстүрүү аймактагы дыйкандар үчүн негизги киреше булагы бойдон калууда.