Бардык жаңылыктар: Кырчын өрөөнү
Материалдар: 4
ШОС саммити менен ВИК учурунда Бишкек жана Ысык-Көлдө кайсы жолдор жабылат
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ВИК) учурунда Бишкек шаарынын айрым негизги жолдору жана Ысык-Көл облусундагы трассалар убактылуу жабылат. Бул чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 30-августтан 6-сентябрга чейин жана иш-чаралардын графигине жараша ишке ашырылат.

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек менен аймактарда негизги жолдор жабылат
Кыргызстандын ички иштер министрлиги 30-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн күчөтүлгөн чараларды колдонорун жарыялады. Бишкек шаарында жана Чүй, Ысык-Көл облустарында бир катар негизги жолдордон унаа кыймылы чекке алынып, айрым жерлерде жолдор убактылуу жабылат.

Кырчын капчыгайында атчан кишини ат сүйрөп кетип, ал каза болду
9-август күнү түштө Кырчын капчыгайында кайгылуу окуя катталып, атчан кишинин өмүрү кыйылды. Ат катуу чуркап кетип, анын буту үзөңгүгө тыгылып калгандыктан, атчанды кошо сүйрөп кеткен.

Кырчын капчыгайында ат кызды бир нече жүз метрге сүйрөп кеткен (видео)
Ысык-Көл районунун Кырчын капчыгайында ээрден кулап, буту үзөңгүгө тыгылып калган кызды ат бир нече жүз метрге сүйрөп кеткен. Бул окуя бүгүн, 9-августта болгону айтылууда.