Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Түндүк Македониянын саламаттык сактоо министри Сашо Клековски менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүү, медициналык камсыздандырууну уюштуруу жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.