Материалдар: 1
Бишкекте эркектер жана аялдар арасындагы бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан 170 спортчу күч сынашты. Мелдеш улуттук курама команданы түзүү максатында өткөрүлдү, анткени алдыда 2028-жылкы Олимпиадага лицензиялык турнирлер турган эл аралык сезон күтүүдө.