Материалдар: 1
Ноокат шаарында автозаправка станциялары менен базарда өрт коопсуздугунун эрежелери текшерилип, бир катар бузуулар табылды. Мэриянын маалыматы боюнча, айрым жерлерде өрт гидранттары жабылып, өрт өчүрүүчү техниканын өтүшүнө тоскоолдук жаралган. Мындан тышкары, электр зымдары талаптарга жооп бербей турганы аныкталды.