Материалдар: 1
Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун директору Нурланбек Акпышаров дарыканалар аркылуу баңги заттардын жайылуусу кооптуу абалды жаратып жатканын билдирди. Дары-дармектерди медициналык эмес максатта колдонуу, айрыкча жаштар арасында, 2022-жылдан бери курч маселеге айланды.