Материалдар: 1
Стамбул шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитетинин (КОМСЕК) министрлер деңгээлиндеги 42-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолугушту. Жолугушууда эки тарап эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелерин карашты.