Материалдар: 1
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык объектилерди аралап, А. Масалиев көчөсүндө (мурдагы Чортеков көчөсү) А. Токомбаев көчөсүнөн №4 шаардык ооруканага чейинки аралыкта курулуп жаткан жаңы сквердин абалы менен таанышты. Мэриянын маалыматы боюнча, ал аймакты көрүп, объектини андан ары көрктөндүрүү боюнча тапшырмаларды берди.