Материалдар: 1
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине лицензия берүү, узартуу жана баш тартуу маселелерин карады. Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда бир катар компанияларга жаңы уруксаттар берилип, айрымдарына мурдагы уруксаттардын мөөнөтү узартылды.