Материалдар: 1
Ош шаарында фасаддык материалдардын сейсмикалык туруктуулугу текшерилди. Сыноолор Мамлекеттик сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун базасында өткөрүлүп, үлгүлөр 8-9 баллдык жер титирөөнү туураган жүктөмдөргө дуушарланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.