Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматы боюнча, фасаддык материалдардын сейсмикалык туруктуулугу боюнча сыноолор Мамлекеттик сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун базасында жүргүзүлдү.

Сыноо учурунда фасаддык материалдардын үлгүлөрү эки кабаттуу вибростендге орнотулуп, аларга 8-9 баллдык жер титирөөнү туураган күч менен таасир берилди.

Адистер материалдардын бекемдигин жана туруктуулугун, ошондой эле алардын коопсуздук талаптарына шайкештигин баалашты.

Кандай материалдар сыналды

Курулушчулар союзу менен биргеликте түзүлгөн келишимдердин негизинде «Кант ТШП» жоопкерчилиги чектелген коому өндүргөн фиброцемент панелдери, ошондой эле чет өлкөдөн алынып келинген жана «Смарт Фасад» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан сунушталган фасаддык материалдар сыноодон өттү.