Материалдар: 1
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Талаа айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) пайдаланууга берилди. Курулушка 4,5 млн сом жумшалды. Мурдагы имарат эскирип, документтери да талаптагыдай эмес болчу. Эми медициналык жардам заманбап, ыңгайлуу шартта көрсөтүлөт.