Материалдар: 1
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы (БКК) АКШнын Баңгизаттар менен күрөшүү башкармалыгы (DEA) жана Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун катышуусунда АКШдан Кыргызстанга мекендешибизди экстрадициялады. Ал 2024-жылдын башынан бери иштеп келген трансулуттук канал аркылуу баңгизат жана психотроптук заттарды контрабандалык жол менен ташып келүүнү уюштурган деп шектелүүдө.