Материалдар: 1
Бишкек-2 темир жол вокзалында Кыргызстандын профессионалдуу пластикалык искусствосунун башатында турган венгриялык скульптор, архитектор жана график Ласло Месароштун (1905–1938) урматына мемориалдык такта орнотулду. Салтанаттуу аземге Венгриянын элчилигинин өкүлдөрү, Маданият министрлиги, мэрия, дипломатиялык корпус жана скульптордун небереси Ньика Янчо катышты.