Материалдар: 1
Бишкекте психотроптук жана наркотикалык каражаттарды жеңилдетилген электрондук рецепттер боюнча берүүчү дарыканалардын саны көбөйдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, мындан ары мамлекеттик «Эл Аман» тармагынан тышкары, дарыларды «Неман», «Медсервис Kg» жеке тармактарынын айрым дарыканаларынан жана «Аманбекова» жеке ишкеринен алса болот.