Материалдар: 2
Кыргыз режиссер жана сценарист Наргиза Дотиеванын көркөм фильми «Эрезе» Бразилиядагы 50-жылдык Сан-Паулу эл аралык кинофестивалиндин программасына кирди. Бул окуя улуттук кино искусствосунун дүйнөлүк аренадагы ордун бекемдөө мүмкүнчүлүгү катары каралууда.
11-июлда Бишкекте мамлекеттик «Кыргызсериал» мекемеси тарабынан тартылган «Эрезе» көркөм тасмасынын бет ачаары болду. Ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият жана кино тармагынын өкүлдөрү катышты. Фильм 28-Шанхай эл аралык кинофестивалында диплом алган.