Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Кеңешбек Токтомамбетов 70 жаш курагын белгилеп, ардактуу эс алууга узатылууда. Ал тергөөчүдөн баштап, өлкөнүн эң жогорку сот инстанциясына чейинки жолду басып өттү. Бул маекте ал өмүр жолу, кесиптик принциптери жана жаш муунга кайрылуусу тууралуу айтып берди.