Материалдар: 1
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жакынкы арада тоо кластери «Ала-Тоо Резорт» биринчи этабын ишке киргизет. Долбоор жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алып, 7 миңге жакын жумуш ордун түзөт деп күтүлүүдө. Жергиликтүү бийлик бул долбоор курулуш жана өнөр жай тармактарына өбөлгө болуп, бюджетке 100 миллион сом киреше алып келерин белгилейт.