Материалдар: 1
Бишкекте жаран С.Д.ны алдап, iPhone 14 Pro Max жана iPhone 17 Pro телефондорун жана 15 миң сомун алып качкан шектүү К.У. кармалды. Уголовдук иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча козголду. Учурда шектүүнүн дагы беш окшош кылмышка тиешеси бар экени текшерилүүдө.