Материалдар: 1
Бишкектеги жаңы "THE OTHERS" арт-мейкиндигинде граффити маданиятына арналган "GRAFFITI EDITION" көргөзмөсү ачылды. 18-июлда башталган бул экспозицияда Кыргызстандагы граффити кыймылынын башатында турган сүрөтчүлөрдөн баштап, жаш таланттарга чейинки ар кайсы муундагы авторлордун эмгектери көрсөтүлүүдө. Ошондой эле, көргөзмө өлкөдөгү граффити сахнасынын тарыхы жана өнүгүшү тууралуу ретроспективаны камтыйт.