Материалдар: 1
Бишкекте бир жылдан ашык убакыттан бери унаа жүрбөгөн көчө бар. Гастелло көчөсүнүн 500 метрден ашык бөлүгү жөө жүрүүчүлөр аймагына айланган. Мэрия бул жерди шаардын биринчи «Бродвейи» деп атап, жаңы тартылуу чекити болот деп күткөн. Бирок долбоор толук ишке ашкан жок: кээ бир элементтер бузулуп, пландалган объектилердин бир бөлүгү курулбай калган.