Материалдар: 1
Ош мамлекеттик университети Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык билим берүү форумунда беш чет элдик жогорку окуу жайы менен кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимдерге кол койду. Документтер билим берүү жана илим тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.