Материалдар: 2
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Украинадагы чыр-чатакты тоңдуруу сунушуна комментарий берди. Песковдун айтымында, Россия үчүн өз максаттарына жетүү артыкчылыктуу бойдон калууда, ал эми жаңжалды токтотуу Киев тиешелүү чечимдерди кабыл алганда гана мүмкүн болот.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Россиянын Украинадагы атайын операциясы учурда чыныгы согушка айланганын билдирди. Анын айтымында, бул кырдаал Батыш өлкөлөрү — Берлин, Париж, Гаага, Осло жана Вашингтон — тарабынан Киевге активдүү жардам көрсөтүлүшүнүн натыйжасы.