Ливия Бенгази портуна жасалган соккулар менен байланыштуу Украинага каршы БУУнун Эл аралык сотуна доо арыз берүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу араб өлкөсүнүн Нидерланддагы элчилиги маалымдады.
Ливиянын Президенттик кеңешинин мүчөсү Муса аль-Куни Киевди портко жасалган соккулар үчүн жоопкерчиликке алды жана мындай аракеттерди кабыл алууга мүмкүн эмес деп белгилеген. Ал эми Ливиянын Тышкы иштер министрлиги портко жасалган чабуулдарга Украинанын тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтарга байланыштуу Киевден расмий түрдө түшүндүрмө сураган.
Элчиликтин билдирүүсүнө ылайык, соккулардын натыйжасында портко олуттуу материалдык зыян келтирилген. Ливиянын бийлиги эл аралык укукка ылайык бул зыянды толугу менен төлөөнү талап кылат.
Буга чейин Кремлде Владимир Зеленскийдин 22-ноябрда Ливия жээктериндеги россиялык «Меркурий» корвет кемесине жана «Ангара» жүк ташуучу кемесине Украинанын деңиз дрондору менен чабуул жасаганы тууралуу билдирүүсүнө көңүл бурушкан. Россиянын Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул окуя боюнча коргоо ведомствосу иш алып барып жатканын айткан.













