Европа Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен өзүнүн X социалдык тармагындагы аккаунтунда Украина менен Россиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөргө Европанын катышуусу тууралуу жазды. Ал Финляндиянын президенти Александр Стубб менен Украина жана Россиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү талкуулаганын белгиледи.

Биз Александр Стубб менен Украина жана Россиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү талкууладык. Европа бул процесстерге Е5 + ЕС форматында тыгыз катышат.
Урсула фон дер Ляйен

Европа тараптын максаты — Украинага максималдуу түрдө колдоо көрсөтүү жана Россияга болгон басымды максималдуу деңгээлге жеткирүү экени айтылды. Е5 форматы коргоо бюджети эң чоң болгон Германия, Франция, Улуу Британия, Италия жана Польша мамлекеттерин бириктирет. Bloomberg маалыматы боюнча, бул өлкөлөр техникалык деңгээлде талкуу жүргүзүү үчүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер аркылуу өкүлчүлүк кылышат.

Россиянын Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Евросоюз тарабынан сунушталган сүйлөшүү тобу Россиянын өкүлдөрү менен байланышка чыкпаганын белгиледи. Ал ошондой эле, эгерде европалыктардын өзүндө тынчтыкка кызыгуу болбосо, Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу жана континенттеги коопсуздук маселелерин талкуулоо пайдасыз экенин айтты.