Бардык жаңылыктар: Кинематография департаменти
Материалдар: 2

Ош шаарында Жамал Сейдакматовага арналган VIII эл аралык аял режиссерлор кинофоруму өтөт
Ош шаарында 14-17-октябрь аралыгында Жамал Сейдакматовага арналган VIII эл аралык аял режиссерлор кинофоруму өтөт. Кинофорумдун алкагында кыргызстан, казакстан, өзбекстан, тажикстан жана Кытайдан келген аял режиссерлордун 14 кинолору көрсөтүлөт. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаментинин каржылык колдоосу жана Ош мамлекеттик университетинин уюштуруулук колдоосу менен өтөт.

Кыргызстанда Кинематография департаменти үчүн расмий сайт иштелип чыгат
Кыргыз Республикасынын Кинематография департаменти жарандарга өз ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү жана ченемдик-укуктук актыларды жарыялоо максатында расмий веб-сайт түзүүгө тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.








