Материалдар: 1
Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында шаардын бардык райондорунда көмүр базаларынын иши уюштурулду. Муниципалдык кызматтар отундун болушун, баасын жана соода түйүндөрүнүн керектүү запастар менен камсыздалышын тынымсыз көзөмөлдөп турушат.