Материалдар: 2
16-август күнү таңга жакын Бишкек шаарында, Чыңгыз Айтматов проспектисинде Hyundai Sonata менен BYD унаалары кагылышып, алдын ала маалыматтар боюнча, унаалар автобус токтотуучу жайга урунду. Бул тууралуу УПСМ билдирди.
Кытайдын Маалыматтык өнөр жайын өнүктүрүү борбору Шанхай кызматташтык уюмунун Кыргызстанда өтө турган саммитинде колдонуу үчүн алдыңкы кытайлык бренддердин электр унааларын акысыз сунуштады. Бул сунушту Кыргызстандын Сауда-өнөр жай палатасы аркылуу жарыялашты. Ошондой эле тараптар кайра жаралуучу энергия жана жашыл экономика жаатында кызматташуу мүмкүндүгүн талкуулашты.