Материалдар: 1
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков 5-ноябрда Бишкекте өткөн «Борбор Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо» темасындагы биринчи аймактык форумдун ачылышына катышты. Иш-чара БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) колдоосу менен уюштурулуп, Борбор Азия өлкөлөрүн, эл аралык каржы институттарын жана ишкер чөйрөнү бириктирди.