Материалдар: 1
Бүгүн, 4-ноябрда, саат 16:10до КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун сейсмостанциялары эпицентрде күчү 3 баллга жеткен жер титирөөнү каттады. Очоктору Бор-Добо, Сары-Таш айылдарынын жанында жана Ош шаарынан 123 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жабырлануучулар же кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.