Материалдар: 1
Ош шаарында электрондук төлөм каражаттарын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга бергендерге карата 52 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык прокуратурасынын улук прокурору Бекжан Бердибеков билдирди. Мындай чаралар интернет-алдамчылыктын өсүшүнө байланыштуу, кийинки жылдын июлунан тарта мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.