Материалдар: 1
«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы Башкы прокуратура тарабынан маалымдалган 138 миллион сомдук зыянга байланыштуу маалыматты ачыктап, өз демилгеси менен ички текшерүүнү жүргүзүп жатканын билдирди. Ишкана мыйзам бузууларды жана талап кылынбаган дары-дармектерди аныктоо максатында инвентаризация баштап, натыйжасын укуктук баа берүү үчүн прокуратурага өз ыктыяры менен өткөрдү.