Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (КМ) Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭАӨ) ортосундагы иригациялоо боюнча улуттук программанын экинчи фазасына каралган келишимдин долбоорун жактырды. Бул долбоордо ЭАӨнын насыясы жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) кошумча каржылоосу каралган. Негизги максат — иригациялык инфраструктураны модернизациялоо жана Кыргызстандагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу.